- Эмилбек Мырзакулович, сиз  чын жүрөгүңүздөн баш - отуңуз менен кирип иштеп  жатканыңызга карабай ордуңузга көз арткандар же болбосо жасаган ишиңизди жокко чыгаргысы келгендер бар. Амбициялуу пландарыңыздын ар биринде сөзсүз таасирдүү адамдардын куйругун басууга аргасыз болот экенсиз. Алардын тоскоолдугунан улам кызматтан кетип калбайсызбы?

— Атын айтпай эле коёюн. Мурда иштеген мэрге да элдин убалына калбаш керек деп кеңешимди берип кеткем.  Кызматтан кетпейин, эч кимге жаман көрүнбөйүн, мага эч ким тийишпесин, тынч отура берейин десең шаардыктардын эки жылдык өмүрүн аласың деп айткам. Айткандай эле ал мэр эки жыл иштеди. Элдин эки жылдык убактысын алды. 

Негизи кызматынан, креслосунан айрылып калбаймынбы деп корккон кишилерди ошол замат эле кызматтан алыш керек. Андай адамдарды элдин убактысын алып, жарым жыл да кармаштын кереги жок.

Шаарды иретке келтириш үчүн жасаган аракетим кимдир бирөөгө жакпай калып, мени кызматтан алып салат деп кооптонбойм. Кызматтан кетүү мен үчүн трагедия деле эмес. Мен кызматтан кетип деле жүргөм. Келип деле жүргөм. Биз солдатпыз. Мамлекет кайда иште десе ошол жерге иштейбиз.

Эртең тигил курулушту токтотуп койсом же мыйзамсыз курулушун бузуп койсом, мени кызматтан алып коёт деп корксом анда мен эмнеге бул жерде отурам. Мен жасап жаткан иштер шаардыктардын 98 пайызына жагат деп  ойлойм.

Мүмкүн 2-3 пайызына жакпайттыр. Биз көпчүлүктүн позициясын колдошубуз керек. Мыйзам баарыбызга бирдей. Эл үчүн жасала турган долбоорлор болсо, коркпой- үркпөй эле жасайбыз. Менин милдетим президенттин тапшырмасын так аткаруу. Буюрса, баштаган иштердин баарын аягына чыгарып, шаарды иретке келтиребиз. Буюрса, шаарды көрктөндүрүп, бардык  маселени  чечебиз.