Өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен Баткен районунун О.И. аттуу тургуну кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы Баткен РИИБ менен биргеликте КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында чара көрүшкөн. Жыйынтыгында, 35 миң АКШ доллары (3 059 700 сом) өлчөмүндөгү акча каражатын берип жаткан жеринен 1987-жылы туулган О.И. аттуу Баткен районунун тургунун кармады. 

Аталган жаран УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерине анын мурда аткезчилик менен кармалган жакын тууганына карата кылмыш ишин тергөө жана токтотууга жардам берүү үчүн пара берүүгө аракет кылган.  

Азыркы учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.