Жалпы салмагы 3 тоннага жакын 60 кап “Карбамид” минералдык жер семирткичин контрабандалык жол менен ташууга бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, 7-апрелде 1995-жылы туулган К.М.Э. аттуу кыргызстандык жаранындын башкаруусунда “03KG987AAJ” мамлекеттик номурлуу “Фольксваген Крафтер” үлгүсүндөгү унаа Лейлек районунун Жаңы-Жер айылынын аймагынан кармалган.
Текшерүү учурунда унаадан жалпы салмагы 3 тоннага жакын “Карбамид” минералдык жер семирткич табылган. Жүк боюнча эч кандай коштоочу документтер болгон эмес. Бул унаа минералдык жер семирткич түрүндөгү жүктү коңшу мамлекеттерге жиберүү үчүн Лейлек районуна бара жаткан.
Бул факты боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.