Учурда Улуттук банктын сактоочу жайында 44, 9 тонна алтын бар. Бул тууралуу Кумтөр боюнча депутаттык комиссиянын төррагасы Арслан Малиев маалымат жыйынында билдирди. 

Ал комиссиянын мүчөлөрү Улуттук банктагы алтынды өз көздөрү менен көрүшкөнүн белгиледи. 

Айтымында, Улуттук банктагы алтын салынган жащиктерди ачышып, кармап да көрүшкөн. Жакында аталган банк дагы 2 тонна алтын сатып алгандык, азыр анын салмагы 47 тонна болду. 

Эске салсак, коомчулукта Кумтөрдөн алтын уурдалып жатканы тууралуу маалымат тараган. Мындан улам президент Садыр Жапаровдун сунушу менен депутаттык комиссия түзүлгөн. Анын жетекчилигине биринчи Исхак Масалиев дайындалган. Бирок ал баш тарткандыктан, Малиев убактылуу жетектеп жатат.