Бүгүн, 5-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору каралды.
Жыйында Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков баяндама жасады.
Алсак, Жогорку Кеңештин депутаттары Шаирбек Ташиев менен Айбек Маткеримов тарабынан демилгеленген бул мыйзам долбоору “Финансы пирамидаларын уюштуруу” маселесин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.
Тагыраагы, мыйзамсыз финансы пирамидасын жарнамалагандарга 1500дөн 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейинки айып пул салуу жана 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жаза чаралары каралууда.
Буга чейинки жыйындарда белгилүү болгондой, өткөн жылы финансы пирамидалары боюнча 882 кылмыш иши козголгон.
Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, үчүнчү окууда кабыл алынды.