.jpeg)
Кечээ, 4-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары Шаирбек Ташиев менен Айбек Маткеримов Сузак районуна иш сапары менен барып, Атабеков, Барпы жана Ырыс айыл өкмөттөрүнүн жергиликтүү тургундары менен жолугушту.
Жолугушуунун алкагында "Ас-Сафа борбору" коомдук бирикмеси менен бирге аз камсыз үй-бүлөлөрдөн кабар алып, гуманитардык жардам көрсөтүштү.
Тагыраагы, аталган айылдардагы 200дөй үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды.
Андан тышкары, ушундай эле жардам Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Карл Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинен жер көчкүгө байланыштуу көчүрүлгөн жарандарга берилди.