Бүгүн, 5-апрелдеги Жогорку Кеңештин депутаты “2022-жылдын 26-августунда кол коюлган 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу төртүнчү протоколду ратификациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Белгилүү болгондой уставды өзгөртүү сунушу Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттер тарабынан киргизилүүдө. Анын ичинен казак тараптын демилгеси менен ЖККУнун Башкы катчысынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу мүмкүндүгү жөнүндө жобо менен толукталууда.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, экинчи окууда кабыл алынды.