Ош облусунда ири салык төлөөлөрдү жашырган ишкерчиликтер аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Бул УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Министрлер Кабинетинин салыктык чегерүүлөрдү чогултууга жана салык салынуучу базаны көбөйтүүгө көзөмөлдү күчөтүү боюнча буйругун аткаруу үчүн жүргүзүлгөн иш аракеттердин натыйжасында ачыкталган.
Жыйынтыгында, салык төлөөдөн баш тартып, качуу жолунун схемаларын уюштурган жана көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн кем баалап ишине кыянаттык менен мамиле кылган экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн субъекттер аныкталды.
Чогултулган материалдардын жыйынтыгы менен КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 243-берененин 1-бөлүгү (Уюмдардан бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу) боюнча Ош шаарында жана Ош облусунун Кара-Суу районунда өзгөчө ири өлчөмдөгү салыктарды төлөөдөн качуу фактысына кылмыш иши козголду.
Тергөө жүрүп жаткан кылмыш ишинин алкагында тинтүү иштери жүргүзүлүп, экономикалык ишмердүүлүктүн реалдуу эсебин тастыктаган документтер алынып, күнүмдүк кирешесин атайылап жашырган 30дан ашык ишмердүүлүктүн субъектилерине салыктык текшерүүлөр дайындалды.
Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн негизинде КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан кошумча салыктык эсептөөлөр жүргүзүлүп, бүгүнкү күндө мамлекеттик бюджетке 26 миллион сомдон ашык чыгымдын орду толтурулду.
Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында салыктык чегерүүлөрдү чогултуу жана салык салынуучу базаны көбөйтүү боюнча иштер улантылууда. КР УКМК өз компетенциясынын чегинде фискалдык саясатты ишке ашырууга жана бюджеттин киреше бөлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү боюнча иш-чараларды улантууда.