«МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы М.Самидинов жана КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Н.Шакиев «Караван» аэропортуна иш сапарга барышты. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти. 

2023-жылдын 30-мартында «МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жайгашкан «Караван» аэропортуна иш сапарга барышты.

Иш сапардын жүрүшүндө «МЭА» ААК Башкармалыгынын Төрагасы Жогорку Кеңештин Төрагасына 2021-жылдын 7-сентябрында «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы менен «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын ортосунда 2022-жылы аяктаган «Караван» аэропортунун аэродромунун элементтеринин төшөлмөсүн оңдоо-калыбына келтирүү иштерин инвестициялоо жана жүргүзүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлганын айтты.

«Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүп жаткан аэродромдун төшөлмөсүн оңдоо жана калыбына келтирүү иштери толук бүтпөгөндүгүнө байланыштуу жана «Караван» аэродромунун шартында AvroRJ-85  сыяктуу аба кемелерди эксплуатациялоо үчүн учуп-конуу тилкесинин, рулеждук жолчосунун  жана учак токтотуучу жайлардын төшөлмөлөрүнүн көтөрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында 2023-жылы «МЭА» ААК өздүк каражатынын эсебинен «Караван» аэропортунун аэродромунун асфальт-бетон төшөлмөсүн, учуп-конуу тилкесин жана учак токтотуучу жайларын оңдоо жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү пландаштырылууда», - деп белгиледи ал.

 

🔸 «МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов бардык иштерди 2023-жылдын жай айларында бүтүрүү пландалып жаткандыгын кошумчалады.