"Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Аламүдүн району боюнча филиалынын башчысы жана жер мунапысы боюнча комиссиянын мүчөсү коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
"Кадастр" МИнин Аламүдүн району боюнча филиалынын башчысы А.М.А. КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") боюнча шектелип жатат.
Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн жер мунапысы боюнча комиссиясы тарабынан Лебединовка айыл өкмөтүнүн аймагындагы 66,8 га мамлекетке тиешелүү айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлерди жер мунапысына киргизип, калктуу конуштар категориясына билип туруп мыйзамсыз которушкан факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда аталган кылмыш ишке тиешеси бар мындан башка да кызмат адамдарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.