- Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан мектептерде акча чогулткандарга 20 миң сомго чейин айып салуу боюнча мыйзам долбоору жазылып, коомдук талкууга коюлду. Эгер мыйзам кабыл алынып калса, иштейби же баары бир деле акча чогултула береби?
-Албетте, ким болбосун, кандай кызматты ээлебесин мыйзамга же кабыл алынган эрежеге каршы иш кылса анда алар, жасаган иш аракеттерине жараша адекваттуу жазаны алышы керек. Эгерде ушундай көз караш менен караганда сунушталган долбоор туура эмес деп эч ким айта албайт. Ошону менен бирге долбоор ар тараптан негизделип, эффективдүүлүгү жана шарттары эсептелип, такталып анан кабыл алынышы абзел. Эгерде ушундай көз караш менен караганда бул долбоор чийки жана кабыл алууга али эрте.
-Эмне үчүн?
-Биринчиден, бул долбоор кийин айып төлөтүп алуучу мамлекеттик органдардын укуругун узартып, өзгөчө укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин өзүм билемдигине жол ачат. Ошондой эле коррупциялык көрүнүштөрдүн гүлдөп өнүгүшүнө ыңгайлуу шарт түзүп берет. Бул биринчи кооптуу жагы.
Экинчи кооптуулугу - мектептин директорлорун жана класс жетекчи мугалимдерди каалагандай кысымга алып, такталбаган арыздын алкагында аларга иш козгоп, акыры мугалимдик иштерин таштап кетүүгө мажбур кылышы мүмкүн.
Үчүнчүсү, мектептердин бүгүнкү реалдуу каржылоо маселеси, өзгөчө мектептерди самын- жуучу, ажатканадагы кагаздар, полдорду, эшик- айнектерди арчуучу каражаттар жана башка зарылчылыктар менен камсыз кылынуусу керек. Ошондой эле мектептин коопсуздугун сактоочу жана кайтаруучу кызматкерлерине сарптала турган каражаттар, техникалык жабдуулар менен камсыз кылуу маселелери жана кезектеги же күндөлүк, орто жана капиталдык ремонтторго бөлүнө турган каражаттарды мамлекет тарабынан жакынкы беш- он жылдын ичинде толук кандуу берилиши мүмкүн эмес. Ошондо мектептин зарылчылыктарын министрлик кайсы каражаттардын эсебинен камсыз кылат?
Эмнеге сумма мындан аз же көп эмес? Мугалимдердин айлык акыларынын канча пайызын түзөт? Эгерде айыпты төлөсө, бир айлык айлыгынын канчасы өздөрүнүн жашоо турмушуна калат? Бул да чоң маселе.
- Бул нерсе жарандык кодекстин эрежелерине туура келеби же келбейби?
- Акырында, бүгүн биз базар экономикасы өкүм сүргөн системада жашайбыз, ушунун негизинде элибиз жашоо турмуштары боюнча ар кандай катмарга бөлүнүп калган. Колунда бар, бай катмарга кирген ата-энелер балдары үчүн чын дилдери жана өз каалоолору менен мамлекет тарабынан камсыз кылынбаган жакка жардам берсе аны ким кандай кабыл алат? Бирөө туура түшүнсө, экинчиси кылмыш катары баалап, арыз жазып мугалимдердин ит акмагын чыгарып … жыйынтыгында алар адвокат жалдап сотко барганга же « тойдум азыркы бийликтин мыйзамына» деп, айыбын төлөп Акылбек мырзалардын бюджетин министр Каныбек мырза аркылуу толтурганга айлыгынын жок дегенде элүү пайызын берип, акырында арызын жазып кесибин таштап кетүүгө мажбур болуп кала турган долбоор болуп калат. Ошондуктан, бул мыйзамды жогорудагы айтылган мамлекет тарабынан камсыз кылынуучу маселелери толук чечилип, бюджет аркылуу бекитилип эле эмес аларды мектептерге берүү системасы кынтыксыз иштей баштаганда гана карап көрсө туура болот.
Бул мыйзамды жазгандар өмүрүндө коллективди башкарбаган, алардын шартын билбеген кызматчы сөрөйлөр болсо керек. Жаш балдар ойношот, түртүшөт кокусунан бир буюмду сындырып талкалап коюшу мүмкүн. Ага каражатты ким берет?