Баткен областында жашылча-жемиштерди аткезчилик жол менен экспорттоо боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, 31-мартта Тажикстан Республикасынын аймагына жашылча-жемиштерди мыйзамсыз алып өтүү боюнча мыйзамсыз иш-аракеттер аныкталган. 

Баткен областынын «Жаңы-Бак-Маргун-Арка» айланма унаа жолунда, жалпы салмагы болжол менен 10 500 кг болгон пиязды Тажикстан Республикасынын аймагына мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда, Баткен облусунун Лейлек районунун тургундарынын башкаруусундагы Кыргыз Республикасынын жарандары 1984-жылы туулган Т.А.А., 1993-жылы туулган А.Б.А. жана 1980-жылы туулган Б.Т.Т. «Мерседес Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү үч жүк ташуучу унаасы менен кармалышкан. 

Кармалган пияздын контрабандага багытталган баасы 500 миң сомдон ашык сумманы түзөт.

Жыйынтыгында, жүк ташыган бул унаалар «Орто – Боз» чек ара заставасынын №2022 Аскер бөлүгүнүн аймагына жайгаштырылып, бул факт документтештирилди.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.