Профессор Кубан Мамбеталиев Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов тууралуу пикирин билдирди:

- …"Бир падыша үч уулун чакырып, “казынага эмнени саласың?" деген суроону ар бирине бириптир. Биринчиси “топурак салам”, экинчиси “эгин салам” дейт. Үчүнчүсү “мен казынага элдин наркын салам” дегенге, так ушу элди башкарсын деп “камчысын” карматыптыр”. 

“Миң кылымдар кыргыздар “идеологиясы” жок эле жашап келди” дейт мамлекеттик катчыбыз. Ооба, жашап келди – Конституция түзгөн эмес, “хартияларды” жазган эмес, “концепцияларды” бекиткен эмес. “Манастан” өзгөчө бөлүп, “жети осуят” дегенди жаштарга  “жатка айткыла” деп милдет кылган эмес. “Моральный кодекс” дегенди да чыгарган эмес. Жөн эле жашап келди – кылымдан кылымга ийгиликтүү жашады. Анан ушунун баарысына бир нерсе татыды. Бул “элдин наркы”. Буга баары кирет – баалуулук, каада- салт, үрп-адат, ар-намыс, укук. Күнүмдүк жашообуздун эң маанилүү нерсенин баарысы кирет. Орусча так ушуну “идеология” дешет.

Сүйүнбек Касмамбетов Ошко да барып, жергиликтүү эл менен жолугуп, нарк маселеге тиешелүү кепти улады. Бул жерден чыккан инсандардын таржымалын айтып берди. Алар калтырган өчпөс издер бар. Курманжан датканын  “Өлүмгө тике кара, балам” деген улуу сөзун эске салды. Дем берген сөз, муну менен кыргыздын эркектери майданга чыгышкан. “Нарктын өзөгүн” түзгөн  эненин сөзү. Мындайды Аристотель “катарсис” деп атаган (кыргызча которсок “тазалануу” дегенди түшүндүрөт). Рухту тазалоо. 

Идеология деген так ушул. Нарк, идеологиясы жок улут болбойт. Элди эл кылган нарк. Т.Казаковдун “Улутман”  телеберүүсүндө бир билерман бул сөз (“нарк” деген сөз) которулбайт деди, себеби бир кана кыргызга таандык касиети бар деп чечмеледи. Мындай логика менен “чурулдап” калабыз.  Башка элде, эмне,  “наркы” жокпу, алар эч кандай “баалуулукту” жараткан эмеспи, салты жокпу, ар-намысты билбейби? 

Буларда биздикиндей эле “нарк” бар, булар  аны “идеология” дешет. Илгерки грек тилинен келген сөз - “түшүнүк, көрүнүш” деп которулат. Жошоодон чыккан көрүнүштөр, жашоого карата болгон түшүнүктөр. Мунун мааниси абдан эле терең – улуттун аң-сезимин камтыйт. Ар бир элдин “наркы” бар. Мунун ичине дили дагы, тили да кирет. Анан бул жасалма түрдө (искусственный ) ишке ашпайт… 

…Сүйүнбек Касмамбетовдун баштаган аракети жакшы көрүнүш. Өзүнүн мамлекетик катчы катары милдетин туура түшүнөт экен. Бул кызматты эки президенттен кийин кыскартып салышкан, эми бешинчи президенттин доорунда кайра пайда болду. Адегенде мен ушуну кереги жок деп айткам, себеби эл ушундай  кызматтан  иренжип  калган. Азыркы ажо  бул кызматка  жазуучуну койду, байкады, жарабайт экен. Эми тарыхчыны койду – С.Касмамбетовду. Туура келди, ордун тапты, элге жакты. Эми бул адамга ийлигик каалайбыз. Мунун атасы белгилүү инсан, энеси  ардактуу  мугалим.

Мамлекеттик катчы ар бир аймакка барып, жергиликтүү журт менен кезигип, тарыхый инсандарды эскерип, ошолорду мисал кылып, элдин  “наркы” жөнүндө кеп куруп берсе дейбиз - эл ушул ишти  күтөт. Өлкөнүн баарын кыдырып чыкса, материал бир көлөмдү китепте чогулат. Ийгилик калайлы. “Улуттун наркы” деген китепти күтөлү.