Ысык-Ата районунун Милянфан а/а кызмат адамдары тарабынан расмий документтерге атайылап жалган маалыматтарды киргизүү жана үчүнчү жактарга сатуу максатында аффилиацияланган жакка 1га жер тилкесине жеке менчик укугу боюнча күбөлүк берүү фактыларын аныктады.
Бул тууралуу УКМК билдирди.
Топтолгон материалдар Ысык-Ата районунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген. Жыйынтыгында Ысык-Ата районунун Милянфан а/а жерге жайгаштыруу боюнча адиси Б.Ю.Я. жана башка кызмат адамдарына карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүгүнүн (кызматтык жасалмачылык), 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктунун (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.