Жалал-Абад облусунун Сузак райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин бир катар кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, козголгон кылмыш ишинин алкагында «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сузак райондук бөлүмүнүн мурдагы башчысы С.З.Т. ошондой эле жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн азыркы адистери А.Э.И. жана М.А. кармалышты.
Алар туруктуу коррупциялык схеманы түзүп, жасалма документтерди (жер участогун жана долбоордук документтерди берүү боюнча) пайдалануу менен жер тилкелерине жеке менчик укугуна мыйзамсыз мамлекеттик актыларды чыгарып, материалдык пайда алуу жана жеке баюу максатында, кылмыштуулукка жол беришкен.
Азыркы учурда КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан кызмат адамдарынын кылмыш иштеринин жана башка фактыларын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.