Аткезчилик жол менен жүк ташыган унаа кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, 30-мартта УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын С.С.М. аттуу жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү “40920РА” мамлекеттик номурлуу унаада контрабандалык жүк бардыгын аныкташкан. 

Унаадан жалпы салмагы 16 тонна (болжолдуу баасы 2 млн сомго жакын) болгон өзгөн күрүчү табылган. 

Азыркы учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.