- Жаныбек Абировдун мандаттан баш тартканы аргасыздыкпы же эрдикпи?

- Муну эрдик деп айтууга болбойт. Болуп өткөн окуядан кийин коомчулук аны ошол жолго түрттү. Бай, мандаттуу же бийликчил бирөөнүн карапайым жигитти сабашы өтө олдоксондук. Абиров баары бир парламентте отура албайт эле, мандатын тапшырганы жакшы болду.