Жогорку Кенештин депутаты Жаныбек Абировдун жасаган кылмыш ишине байланыштуу депутаттык мандатын тапшыруусу эч кандай эрдик эмес! Мындай пикирин жарандык активист Венера Акматова билдирди.
Ал депутаттын мандатын тапшыруусу мыйзамдуу мамлекет үчүн мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин белгиледи.
«Келечегим болсун деген мамлекетте мындан башка жол жок. Анткени мыйзамдын алдында ээлеген кызматына, ээ болгон байлыгына карабастан адам аттуунун бардыгы бирдей. Жогорку Кеңешке депутат болуу адамдын эгосун кандыра турган же жашоодогу панацея эмес. Бул өтө чоң жоопкерчилик! Мээни эзип, кол жоорутуп, бел оорутуп иштей турган жер! Өтө зор адамдык сапаттарды талап кылат. Даярдыгы жок келип алып маскара болуу – бул өзүн өзү кордоо. Андан көрө тынч эле бактылуу болуп, бизнестерин жасап жүрө беришсе болмок.
Экинчиден, кызмат ордундагы, кызматтык милдетин аткарып жаткан карапайым адамды өтө мыкаачылык менен сабаганды кечирип болбойт. Дегеле башка адамдын денесине кол тийгизип түртүүгө, колун катуу кармап коюуга кимдин акысы бар?! Анын үстүнө «эл өкүлү» деген адамдын бул кылганы андан бетер зыян, бир эле адамдын денесине жаракат келтирип, ден соолугуна залака келтирип тим болбостон, канча бир адамды дүрбөлөңгө түшүрдү, жаман жосунду жарнамалады.
Эң бшкысы, Жогорку Кенешке адис катары, инсан катары эч бир даярдыгы жок, ар кандай жолдор менен табылган акчасынын артынан жаңылыштык менен капыстан келип калган көп жигиттер күн сайын чийки камыр жегендей болуп жүрүшкөнүн дагы бир ирет тастыктады. Оозун ачканда эле сөзүнөн жаңылып бүт элдин алдында күлкүгө калып маскара болуп атышып мамлекеттин эң сыйлуу, баалуу бир чоң бутагын талкалап бүтмөй болушту. Жогорку Кенештин бийик трибунасын, элдин өкүлү деген ыйык наамдын баркына түкүрүп, кадырын тепсеп атышкандарды карап туруу өтө өкүнүчтүү.
Жаныбек Абировдун кылмыштуу жосуну, дагы бир ирет баса белгилеп айтам «кылмыштуу» жоругу элге сабак болуш керек. Берген 1- 2миң сомуна алданып, эт-бетинен кетип калбай акыл токтотушуп, добуш беришсин!