Назира Айтбекова соцтармактагы баракчасына кыздарды кадырлоо боюнча оюн жарыялады:

- Кыз төрөлсө үйүңөрдө кубанып тоссок, ээ? Жашообузга кырк жылкы келди деп жетине албай турсак. Эркелетип, өз уясына учкуча төрүбүздө сыйласак. Аларга болуп көрбөгөндөй балалыктын бактысын берсек.

Келин болуп барганда да кордобой, “Ак жолтой келин келди. Бүлөбүздү кеңейтип, ырыскы кошулду”, - десек. “Келин” деп жерибесек, маңдайынан сылап, билбесе, үйрөтүп алсак.

Кыздын эле кылыгы канча? Кенедей эт жүрөгү ааламды батыра турчу касиети бар деп бапестесек. “Жаңыл, Бурул, Уулкелсин” деп ат коюп, "Сени эмес, уулду күткөнбүз!"- деп таарынтпасак.

“Бактылуу кыз бактылуу бүлө куруп, бактылуу балдарды өстүрөт”,- деп билим менен сугарып, окутуп, канатын күүлөп, курчутуп, бийик учуруп, шаңшыта алсак, келечектин Курманжан даткасы, Жаңылмырзасы, Сайкалы чыкмак.

Заманыбыздын кыйын кыздарын шакаба чегип, буттан тартпай, өйдө түртсөк, баркын билсек, колдосок. Кыз балага экинчи сорттогу адам катары карабай, ал улуттун көз мончогу, улуттун угуту десек. Кыз бала өлкөнү кандай кооздоп, шаң берип, укмуштуудай бийиктикке чыгара ала турганын көрмөкпүз.

“Бир улуттун жок болушун кааласаң, кыздарын кор тут” деген сындуу сөздү эшитип калдым эле. Терең ойлонуп, көрсөң, билимсиз, караңгы энеден караңгы балдар, караңгы келечек, түркөй улут чыгарын көрмөкпүз.

Ошондуктан үйүңөрдөгү кыздарыңарды, эжеңерди, карындаштарыңарды сыйлагыла. Сөкпөгүлө, теппегиле. Колдогула. Сүйүү, сый эмне экенини үйдөн таанысын. Анан ошол бийик мамилени башка мырзалардан күтөт. Тебеленбейт.

Окуткула. Билим бергиле. Курстарга жөнөткүлө. Билимдүү кыз кадимкидей айырмаланып турат. Кийин турмушу бузулуп калса да, өзүн өзү эч кимден корунбай, эч кимге кор болбой багып кеткидей болсун.

Сүйлөшкүлө. Кыялын, сырларын тыңшагыла. Сезимдери менен эсептешкиле.

“Кызды кырк үйдөн тыюу” дебей, “кызды кырк үйдөн колдогула”. Ишенгиле. Ишеним арткыла. “Мен сага ишенем” десеңер, ишенимиңерди жерге тебелебейт кыз.