КР УКМК баалуу металлдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп жатат. Анын алкагында, Бишкек шаарында жашыруун зергерчилик цехтеринин ишмердүүлүгү аныкталып, токтотулду.
Маалым болгондой, айрым ишкерлер КР Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин кызмат адамдары менен жең учунан сүйлөшүп алып мыйзамсыз аракеттерин жүзөгө ашырышкан. Алар зергер буюмдарын маркалоонун милдеттүү жол-жобосунан өтүшкөн эмес жана тиешелүү салыктарды төлөөдөн качып колго жасалган зергер жабдууларды колдонушкан.
Ушул жылдын 28-мартында козголгон кылмыш ишинин алкагында жана сот органдарынын санкциясынын негизинде жашыруун цехтерде зергер буюмдарды жасап жаткан даректерде тинтүү иштери жүргүзүлүп, натыйжасында жалпы салмагы 2,5 килограммдан ашык алтын жана алтындан жасалган зер буюмдар, 70 килограммдан ашык күмүш жана күмүштөн жасалган зер буюмдар табылып алынган. Иштин жагдайы боюнча тергөө тарабынан 50дөн ашык адам суракка алынган.
Мындай мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында өлкө рыногуна жасалма үлгүдөгү зер буюмдардын олуттуу көлөмү чыгарылууда, бул өзгөчө ири өлчөмдө милдеттүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качууну билдирет.
Азыркы учурда бул ишке тиешеси бар кызмат адамдарынын чөйрөсүн аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

