27-мартта эл аралык террористтик уюмдун активдүү жактоочусу, Жалал-Абад шаарынын 1995-жылы туулган тургуну А.К. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, кармалган адам мурда Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин атайын бөлүмдөрүндө кызмат өтөгөн.

Кийинчерээк, 2022-жылдын аягында Кыргызстандан чыгып, ЭТУнун тарабында куралдуу кагылышууларга катышуу үчүн Сирия Араб Республикасына өтүп кетүүгө аракет кылган. 

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 37-256-беренесинин 2-бөлүмү (“Кылмыш жасоого аракеттенүү” - “Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү”) боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган адам КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилип, ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.