Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте өткөргөн иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарында Баткен облусунун ИИБнын айылдык милиция бөлүмүнүн мурдагы башчысы милициянын капитаны А.М.К. кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. 

Ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгү (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн эл аралык жана мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.

А.М.К. кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында бир жылдан ашык убакыт Бишкек шаарында жашырынып жүргөн. Ага карата 2021-жылдын 23-декабрында Биринчи май шаардык соту камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын сырттан тандаган.