- Президент чет мамлекетке иш сапар менен барган сайын “кымбат учак менен учуп, чоң чыгым болуп жатабыз, катардагы эле рейс менен учса эмне болмок эле” дешет.  Бул боюнча кандай пикирдесиз?        

- Президент кыргыз мамлекетинин атынан барат, ал да биздин намыс, жалпы кыргыз элинин авторитети, эгер мамлекеттик иш сапар болсо. Мисалы, КМШ мамлекеттери чогулган жер, ал жерде атайын аэропорттон расмий тосуп алуу аземинен баштап чагылдырылат.  Ошол жерде Тажикистандын президентин  учактан кызыл килем менен тосуп алсын, а биздин президентти күтүү залынан же жүк салгычтан тосуп алса кандай көрүнүш болот.  Ал эми өзүбүздүн учак Ту- 134 Европа мамлекеттеринде кара тизмеде. Андай учактарга эски, кооптуу болгондуктан,  учууга тыюу салынган.  Бул жагын да эске алышыбыз керек.