Жакында Бишкектеги "Золотой дракон" ресторанында болгон мушташ коомчулуктун көңүлүн бурган. Анткени мушташтагы "башкы каарман" Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров болчу. Чоң муштум депутаттын кесепетинен ресторанда күзөтчү болуп иштеген жаран катуу ур-токмокко кабылып, ооруканага оор абалда жеткирилгени белгилүү болгон. Көп өтпөй, укук коргоо органдарына жабыркаган жигиттин апасы арыз менен кайрылган. 

Мындан улам Башкы прокуратура депутатты кылмыш жообуна тартууга уруксат сурап өтүнүч кат киргизген. Эл өкүлүнүн жоругун иликтөө үчүн комиссия да түзүлгөн. Бирок бул иш аракеттердин жыйынтыгын күтпөй, Абиров депутаттык мандатын тапшырууну чечти. 

"Менин катышуумдагы окуянын олуттуулугун толук түшүнүп, жоопкерчиликти сезип жаткандыгымды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экендигимди дагы бир жолу баса белгилейм.

Ушуга байланыштуу, мен, окуяны талдап, терең ой жүгүртүп, өз каалоом менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын мандатын тапшыруу чечимин кабыл алдым.

Албетте, бул чечимди кабыл алуу оңойго турган жок, анткени борбор калаабыздын Ленин районундагы 11 813 шайлоочу мага ишенип, алардын өлкө парламентиндеги өкүлү болуу укугун берди эле.

Тилекке каршы, болуп өткөн окуядан кийин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын кызматын мындан ары аркалоого моралдык укугум жок деп эсептейм", - деп жазды депутат соцтармактагы баракчасына. Ошондой эле, жабыркаган жигиттен, анын үй-бүлөсүнөн кечирим сурады. 

Кызыгы, Абировдун мандатын тапшыруу чечимине айрымдардын реакциясы түшүнүксүз болууда. Депутаттын муштуму бир жигиттин ден соолугуна зыян келтиргени ачыкталаар замат көпчүлүк эл өкүлүнө нааразычылыгын билдирген. Алар эл тарабынан шайланып келген адамдын жоругун сынга алып, парламентте мындайларга орун жоктугун белгилешкен. Ошол эле учурда, бир ууч топ "мушташ эркекке тиешелүү көрүнүш" деген сыяктуу депутатты жактаган пикирлерин калтырышкан. Ал эми мандатын тапшыруу чечимин жарыялагандан кийин басымдуу бөлүк анын парламенттен кетип жатканына кайгырып башташты. "Кумурскадан төө жасап", "Экинчи шанс берүү керек эле", "Кетпегиле, силерге үмүт арткан шайлоочулар бар", "Эң мыкты депутат болчусуң, сендейлер парламентке керек эле" ж.б. ушундай маанидеги комментарийлер жайнап кетти. Депутаттын соцтармактагы баракчасына жарыялаган арызында мөөр, арызды кабыл алган тараптын колу жок. Андыктан, Абировдун мандатын тапшыруусуна жабыла кайгыра баштагандардын жоон тобу пайда болгону түкшүмөл ой жаратат. "Шайлоочуларым каршы болушту" деген аргументти бетине кармап, парламентке кайтып келип калышы мүмкүндүгүн да азырынча жокко чыгаруу болбойт... 

Кандай болгон күндө дагы, эң мыкты, шаар маселелерин тереңден билип, чечүүгө ынтаасын койгон депутат болбосун, же аткаминер, ал турмак президент дагы мыйзам алдында жоопкерчиликтүү. Кыргызстандын мыйзамы жалпы кыргызстандыктар үчүн бирдей аткарылууга тийиш. Кимдир бирөөнү ур-токмокко алып, ден соолугуна олуттуу зыян келтирсең мандатың дагы сактап калбашы керек. Мыйзам жоопкерчилигинен мандатты тапшыруу менен эле кутулуп кетем деп ойлоо дагы болбойт.