Аксы районунун РЭСинде системалуу түрдө, опузалап пара талап кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК кызматкерлеринин ыкчам-тергөө амалдарынын жыйынтыгында Аксы районунун РЭСинин кассир-текшерүүчүсү, 1997 - жылы туулган Т.А.А. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Аксы районунун А.Э.А. аттуу тургунун электр-эсептегичти алмаштырбагандыгы үчүн административдик жоопко тартам деп коркутуп, акча талап кылган.

Аталган факты Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин  251-беренеси боюнча (Кызматчынын сый акыны мыйзамсыз алуусу) Кылмыштардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалыматтык системасына катталды. Анын алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иш чаралардын натыйжасында, 25-мартта Т.А.А. 18 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. 

Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш чаралары уланып жатат.

"КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы жарандарды ушул сыяктуу фактылар жана башка укук бузуулар боюнча маалыматы болсо (03722) 5-60-49, (03722) 5-49-61 телефону аркылуу Башкы башкармалыктын нөөмөт бөлүмүнө кайрылууну өтүнөт", - деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.