Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Ноокен районундагы шайлоочулар менен жолугушту. Анда эл тарабынан бир катар маселелер көтөрүлүп, депутаттарга жана облус жетекчилигине суроолор берилди. 

Алардын бири - дыйкандарга тиешелүү маселе. Өзбекстан менен чек аранын ачылышы айрым дыйкандардын соодасынын жакшы жүрүшүнө тоскоол жаратып жатышканын белгилешти. Алардын айтымында, коңшу мамлекеттин дыйкандары өздөрүнүн мөмө-жемиштерин Кыргызстанга алып келип, арзан баада сатышууда. Ал кымбат баадагы жергиликтүү мөмө-жемиштерге болгон кардарлардын санын азайткан. Ошондуктан, айрым тургундардын пикиринде, өзбекстандык дыйкандарга товарын Кыргызстандын аймагына сатууга тыюу салуу керек. Ошондой эле, өзбекстандыктарды депорт кылуу зарылдыгы да айтылды.

Депутат Мейкинбек Абдалиев коңшу өлкө менен чек аранын ачык болушу арзан жумушчу күчүн жаратарын белгиледи. 

"Мен дагы бир жылдары пахта эккем. Ошондо Өзбекстан менен чек ара жабык болгондуктан, пахта терүүдө кыйналганбыз. Эгерде коңшу өлкө менен чек ара ачык болгондо, пахта көп терилмек. Соода-сатык кылгандарга тыюу салуу мүмкүн эмес. Мыйзамды бузбаса, депорт кылууга да болбойт. Мыйзам боюнча, өзбекстандык Кыргызстандын аймагында 2 ай гана жүрө алат. Биздин жарандар дагы Өзбекстанга барып соода-сатык кылуусуна жол ачык", - деди. 

Депутат Шаирбек Ташиев эки өлкөнүн достук мамилеси жанданып жаткан маалда жеке пайданы гана ойлоодон алыс болуу керектигин белгиледи. 

"Эки мамлекеттин ортосунда бузуку ойлонгондор азыраак болушу керек. Эки өлкө эми гана жылуу мамилеге өтө баштадык, мында, өзбекстандыктар көбөйүп кетти дегендер жаралды. Өзбекстандан келген мөмө-жемиш арзаныраак болсо, силер дагы мөмө-жемиштерди арзаныраак саткыла. Эмнеге кыргыздар Өзбекстанга барып соода кыла албайт экен? Кыргыздар азыр дүйнөнүн булуң-бурчунда соода кылып жүрүшөт. Конкуренцияга туруштук бергендер гана соодада калышат. Мындай пикирлердин ээлери Өзбекстандын арзан жашылча-жемиш келгени үчүн өзүнүн теплицасындагы жашылча-жемиштерин кымбат сата албай калгандар", - деди Ташиев. 

Чындыгында, бирдей суу, бирдей жер, бирдей эмгек. Бирок Өзбекстандан келген мөмө-жемиш, жашылчалардын баасы Кыргызстанда өстүрүлгөндөргө караганда байкалаарлык арзан. Азыр дарысыз бышкан жашылча-жемишти базардан табуу мүмкүн эмес. Соода максатында өстүрүлгөн жашылчалардын басымдуу бөлүгү дары менен бышат. Бул Кыргызстанга да, Өзбекстанга да тиешелүү көрүнүш. Акыркы бир жылдагы эле жагдайларды эске салсак, сабиз, пияз сыяктуу күнүмдүк керектөөдөгү жашылчаларга баа бир нече эсеге өскөн. Бул бир гана ички рынокко көз карандуулуктан улам пайда болгон. Атаандаштык жаралса, товарлардын сапаты да өсөт, баасы да арзандайт.