Чүй облусунун аймагына контрабандалык спирт ичимдиктерин ташып келүү жолуна бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 24-мартта  КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы  ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзгөн. Жыйынтыгында, "Акжол-автодорожный" көзөмөл-өткөрүү пунктунда тиешелүү жүктү коштоо документтери жок, Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз түрдө спирт ичимдиктерин алып келүү аракети аныкталып, мындан аркы ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. 

Такталгандай, спирт ичимдиктери Кыргыз Республикасынын аймагына эл керектөөчү товарларга жамынып, 1 тонна өлчөмүндөгү атайын идиштерде ташылып келингендиги ачыкталган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча ташылып келинген алкоголдун жалпы көлөмү 8 тоннага жакын болгон жүк менен Мерседес-Бенц «Отего» 1221 үлгүсүндөгү 2 жүк ташуучу унаа кармалган. 

Унаалар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Чүй облусу боюнча мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы менен биргеликте товарлардын келип чыгышын жана мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган текшерүү иш-чараларын жүргүзүү пландаштырылууда.