- 24-мартта Кыргызстан биринчи революцияны баштан кечирген. Ал окуялардын  күңгөй-тескейи кандай болду?

- 2005-жылдын 2- мартында ошол кездеги  бийликтин саясатына нааразы болгон элдин толкундоосу ар кайсы жерде башталып, аягы  революция менен аяктады. Революция деп элирип алган айрым бийликке жетпей калган саясый лидерлер, топтор, саясатчылар, трайбалисттер  өз кызыкчылыктарын  бийликке таңуулап жаңы бийликти иштетпей, 3 жылча митинг, пикет өткөрүп, ызы-чууну токтотушкан жок. Ачыгын айтканда, айрым 2 - 3 саясатчы трайбалисттик чакырык менен бийликти коркутуп 2010-жылдын 7- апрелине чейин  шантаждап келди. Тагыраагы, 2005- жылы 24- марттында келген бийликти трайбалисттер иштеткен жок. Бийлик талаш 2010-жылдын 7-апрелинде аягына чыкты. 2010-ж ылы7-апрелде сырткы күчтөрдүн тукуруусунда бийликти басып алынып ага удаа туштуктө улут аралык чатак чыгарышты.

Чынында революция деген эч бир өлкөгө жакшылык алып келбейт. Революция деген кыргын-сүргүн азап тозокту алып келип, элдин-журтун ынтымагына  арака кетирди. Муну кыргыз коомчулугу түшүнүп калды.

Ушундан улам пайдаланып айтып кетейин, 2005-жылдын 24- марттындагы, 2010 –жылдын 7-апрелиндеги революциянын  баатырымын, революционермин деп төш каккандар,  медалдарыңарды мусорго таштагыла!