Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Азыркы учурда өлкөдө энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) пайдаланууга өтүү маселеси курч турат.

Казылып алынуучу отундун түрлөрү (көмүр, мунай, жаратылыш газы) күйүү учурунда атмосферага парниктик таасирдин өсүшүнө жана глобалдык ысып кетүүгө өбөлгө түзүүчү көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарат.

Ал эми күн, шамал жана энергиянын башка булактары кирген ЭКБ экологиялык таза, анткени алар иштеген учурда дээрлик калдыктар жок, атмосферага же көлмөлөргө булгоочу заттар чыкпайт, мындан башка казылып алынуучу отунду казып алуу, кайра иштетүү жана ташуу менен байланышкан экологиялык чыгымдар жок. Ушуга байланыштуу ЭКБнын көпчүлүгү жашыл, башкача айтканда айлана-чөйрөнү булгабаган экологиялык таза энергетикага кирет.

Бүгүнкү күндө ЭКБ жогоруда аталган казылып алынуучу отундун түрлөрүнө альтернатива болуп саналат. ЭКБнын отундан көз карандысыздыгы өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун жана электр энергиясына болгон баанын туруктуулугун камсыз кылмак.

Мындан тышкары кайра жаралуучу энергетика ар түрдүү жаратылыш ресурстарына негизделет, бул кайра жаралбоочу булактарды үнөмдөөгө жана аларды экономиканын башка тармактарында пайдаланууга, ошондой эле келечек муундар үчүн экологиялык таза энергияны сактоого мүмкүндүк берет.

Мында көпчүлүк учурларда ЭКБнын базасындагы электр станциялары жеңил автоматташтырылат жана адамдын түздөн-түз катышуусуз иштей алат.

Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу, электр энергиясынын тартыштыгын жоюу, өлкөнүн энергиянын кайра жаралбоочу булактарынан көз карандылык деңгээлин азайтуу жана энергияны жана энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле айлана-чөйрөнү жана адамдын ден соолугун коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат: 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондуна белгиленген тартипте ЭКБны пайдалануу үчүн жарактуу жерлерди мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдалануу укугу берилсин. 
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте бир айлык мөөнөттө ЭКБны пайдалануу үчүн жер участокторун берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартибин (“бирдиктүү терезе” механизми) аныктаган ченемдик укуктук актыны иштеп чыксын жана бекитсин. 
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду:
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду жөнүндө жобого тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;

– Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте ЭКБны пайдалануу үчүн жарактуу жерлердин санын жана көлөмүн тактоо жана аныктоо боюнча (ар бир айыл өкмөтү боюнча) жумушчу комиссияны түзсүн;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Торобаевдин төрагалыгы алдында ЭКБны өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу иштеген жумушчу топту түзсүн;

– ЭКБны өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен туруктуу негизде өз ара аракеттенсин.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
– пайдалануу эрежелерин бузган учурда Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте ижарачылар менен тиешелүү ижара келишимдерин бузууну, ошондой эле тиешелүү жерлерди алып коюуну камсыз кылсын;

– ЭКБны пайдалануу үчүн жерлерди берүү боюнча ишке көмөк көрсөтсүн. 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
– өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;

– ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн. 

6. Ушул Жарлыктын 2-пунктун аткаруу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына, шаарлардын мэрлерине жүктөлсүн.