Мамлекеттик салык кызматы өлкө жарандарын "Чек талап кыл – байге утуп ал!" лотереясына активдүү катышууга чакырат. 

Мекеменин маалыматына караганда, бул жолку лотереяда 2376 баалуу байге ойнотулат, анын отузу супер байге: он батир жана 20 электромобиль.

Супер байгелерден тышкары 1000 даана iPhone 14, 1000 даана Xiaomi смартфону, Дубайга эки кишилик 6 жолдомо, 300 ноутбук, 40 Дайсон берилет.

Лотереянын байге фонду республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен каржыланууда. Утуш эки этапта өткөрүлөт, биринчиси 1-июлда болсо, экинчиси 30-декабрда өтөт.  

"Ар бир товарды сатып алуу же кызматтарды алууда ККМден накталай дүмүрчөктөрдү талап кылыңыз. Андан кийин мобилдик колдонмонун сканери менен кассирдин квитанциясынын QR кодун сканерлеңиз.

Сканерленген кассалык чектердин суммалары 1000 сом = 1 ID-номер эсебинде ID-номерлерге алмаштырылат", - деп билдирет Мамлекеттик салык кызматы.