Сүрөт: ИИМдин маалымат кызматы

КР ИИМ билдиргендей, Москвада кыргызстандыктар бычакташып, бири каза тапкан. Учурда шектүүлөр кармалды. 

 

 

Маалыматка караганда, 22-мартта таңкы саат 04:10 чамасында Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва облусунун Красногорск району боюнча башкармалыгынын полиция бөлүмүнө билдирүү келген. Байланышка чыккан тарап  Подмосковный бульварындагы үйлөрдүн биринин жанында эс-учун жоготкон адамдар жаткандын билдирген.

Айтылган дарекке барган полиция кызматкерлери Кыргызстандын эки жаранын бычакталган абалда табышкан. Алардын бири Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну - 2005-жылы туулган К. уулу А., ал окуя болгон жерде каза болгондугу аныкталган. Экинчи жабырлануучу Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну - 2004-жылы туулган Х.Р. аймактык ооруканага жаткырылган.

Окуя болгон жерден камерадагы жазуулар каралып, айрым буюмдар алынган. Ошондой эле, бул факты боюнча (Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин Москва облусунун Красногорск шаары боюнча тергөө бөлүмү тарабынан) Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси ("Киши өлтүрүү") жана 30-105-беренесинин ("Эки же андан көп адамды өлтүрүүгө аракет кылуу") негизинде кылмыш иши козголгон.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү аталган өлкөнүн полиция кызматы менен бирдикте комплекстүү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында, 4 адам кармалган. Алар 2003 жана 2002-жылы туулган кыргызстандыктар болуп чыгышты.

Ошондой эле алардан пневматикалык тапанча жана бычак табылып алынган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмыш чырдан улам келип чыккан. Жакын арада сот шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын карайт.

Сүрөт: ИИМдин маалымат кызматы

Сүрөт: ИИМдин маалымат кызматы

Сүрөт: ИИМдин маалымат кызматы