Өзгөн районунда эрезеге жете элек кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн киши кармалды. Бул тууралуу укук коргоо кызматтары билдирди. 

Анда айтылгандай, 12 жаштагы кыздын айылдашы болгон 60 жаштагы киши алдоо жолу менен автоунаасына отургузуп, тийишкен. 

 Киши таксист болуп иштейт. Кызды эгерде апасына болгон окуя тууралуу айта турган болсо, өлтүрөөрүн айтып коркуткан. Кыздын туугандары кишини кармап, милицияга өткөрүшкөн. 

Айрым маалыматтарга караганда, 60 жаштагы тургундун мындай кылыгы биринчи жолу болуп жаткан жок. 

Учурда ал кармалып, Ош шаарындагы СИЗОго киргизилди.