Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барып, социалдык мекемелерден кабар алды.

Ошондой эле депутат облустук клиникалык ооруканада курулуп жаткан кошумча имараттын пайдубалына капсула салуу аземине катышты. Алсак, жаңы имарат 100 орунга ылайыкташтырылып, анда неврология, терапия жана нефрология бөлүмдөрү жайгаштырылат.

Белгилей кетсек, курулушка республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү максатында бөлүнгөн каражаттан жумшалат.

Андан тышкары, депутат Сузак районунда ишке берилген фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП), мечиттин жана окуу борборунун ачылышына да катышып, жергиликтүү эл менен жолугушту.