Медиа-эксперт Нургазы Анаркулов "Азия ньюс" гезитине берген маегинде мамлекеттик идеологиянын тегерегиндеги суроого жооп берди. 

- Нуке, арыба! Биринчи суроону кыргыз идеологиясынын абалынан баштасак? Бул багытта өнүгүүнү, жаңычыл багыттарды байкасак болобу? Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун ишмердигине кандай баа берет элең?

- Арыба, Аслан досум! Биринчиден, кыргыз элимди жана "Азия Ньюс" гезитинин окурмандарын бүгүн башталган Ыйык Рамазан айы менен куттуктайм. Эзелтен Орозо айы жарашуунун, ынтымакты чыңдоонун символу болуп келе жатат. Учурда жалпы бийликтин аракети менен өлкөбүздө чоң өзгөрүүлөргө кадам ташталып жатат. Дал ошондуктан, ички биримдигибизди көрсөтүп, бийликти колдоп, сүйүктүү Кыргызстаныбызды алдыга жылдырышыбыз керек. Орозо айында бардыгыбыздын жакшы тилектерибиз кабыл болсун!

Ал эми мамлекеттик идеология тууралуу айта турган болсок, бул багытта эгемендик колго тийген убактан баштап кандай гана идеялар, ойлор айтылган жок. Көрсө, коомду алдыга жылдыруу үчүн ар кандай философиялык трактаттардын деле кереги жок экен. Кыргыз - кылым карыткан эл. Өзүнүн баскан жолунда ата-бабаларыбыз ар кандай нарк-насил, салт-санаа, макал-лакаптар аркылуу түгөнбөй турган мурастарды бизге белек катары таштап кетиптир. Дүйнөдө теңдеши жок улуу Манас эпосунда эле эмне деген кереметтер жатат! Манас атабыздын, Каныкей энебиздин кыргызды сактап калуу үчүн кандай кадамдарга барганын эстениздер! Бакай атабыздын насааттары күнү бүгүн дагы актуалдуу. Кыргыз эл жазуучусу Советбек Байгазиев ушунун баарын көп сандаган китептери, публицистикалары аркылуу чоң мээнет менен, элге жеткиликтүү түрдө жазып чыгарса, аны окубайбыз. Андан көрө соцтармактан ушак окуганды жакшы көрөбүз. Айтайын дегеним, мамлекеттик идеология мына ушул элибиздин баскан жолунда жатат. Буга чейин канча жолу бийлик алмашты. Жада калса, ушул мамлекеттик идеологияны ишке ашырууну колго алчу Мамлекеттик катчы институтун дагы жоюп жиберишпедиби! Мен айтып өттүм го, ар кандай философиянын кереги жок экен деп, бизге мамлекеттин башында күчтүү лидер жетишпей жаткан тура! Садыр Жапаров бийлик башына келери менен Мамлекеттик катчы институтун кайра киргизди, Кыргыз эли эзелтеден бери маселе талкуулап, чечип келген Курултай институтун кайра алып келди. Ажобуз өзү элге жакын инсан, башынан көптөгөн кыйынчылыктарды өткөзгөн адам. Андыктан, элдин көкүрөк көөдөнүндө канча жылдардан бери кыттай уюп келаткан маселелерди чечүүгө батыл киришти. Эл байлыгын элге кайтарып жатат! Уурулардан мамлекетти тазалай баштады, мында бир туугандарын дагы аяган жок. Мына, бизге ушул идеология керек болчу! Кооз сүйлөгөн менен эч нерсе өзгөрбөйт. Реалдуу кадамдарды байкаган соң эл дагы колдой баштады.

Ошол эле кезде, улуттук баалуу мурастарыбыз аркылуу коомду өнүктүрсө болорун буга чейин канча адам айтып келди. Мурунку жетекчилердин учурунда анын баарын уга берип, кулак бышып калган. Бирок, байкасаңыздар, азыркы мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов деле ошол маселелердин тегерегинде сүйлөп жатат. Башында мен дагы буга анчалык маани бербей, “жаттап алганын кайталап жүрөт”- деген ойдо болдум эле. Элдин баары ушинтип ойлогон. Бирок, биз жаңылышкан экенбиз, бүгүн Сүйүнбек Касмамбетовду угуп олтурсаң жүрөк жылыйт, баары муюп, ыраазы болот. Ушул кишинин аракети менен коомдо чоң өзгөрүүлөр пайда болду. Улуттун нарк-насилин, каадасын, баскан жолун ал кишидей эч ким айтып бере албаптыр! Бул инсанды колдоп турсак, сөзсүз ийгиликке жетебиз!