2023-жылдагы Кадыр түн 17-апрелден 18-апрелге караган түнү белгиленет. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. 

Эске салсак, Кадыр түн орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгилениши керек. 

Кадыр түндү көңүл ачуучу жайларда өткөрүүгө болбойт жана бул түнү ушак айтуудан, пайдасыз сүйлөшүүлөрдөн оолак болуу керек. Бул түндүн максаты - шариат, адеп-ахлак, куран жана хадис маселелеринен баяндарды окуу жана Жараткандан жакшы тилектерди тилөө.