Финансы министрлигинде КР Министрлер Кабинетинин жана Япония өкмөтүнүн ортосундагы "Баткен облусунун жолдорун сала турган жабдууларды жакшыртуу" долбоору боюнча алмашуу ноталарына жана гранттык макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди. 

Кайтарымсыз жардамга кол коюуга Кыргызстандын атынан министр Алмаз Бакетаев, ал эми Япония өкмөтүнөн Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидеки Года жана Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин КРдагы туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки катышты.

Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн Япония өкмөтү 700 млн япон иени (5,3 миллион АКШ доллары) өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт.

Белгиленгендей, долбоордун негизги максаты – Баткен облусунун аймагында табигый кырсыктарга туруктуу жолдорду куруу жана Борбордук Азия чөлкөмүндө логистиканын коопсуздукту камсыз кылуу.

Долбоордун аткаруучу органы - КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги.