Президент Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымына караганда, Кыргызстандын президентинин мамлекеттик визити 2023-жылдын май айына пландалган.

"Аны менен катар Садыр Жапаров Кытай-Борбордук Азия саммитине дагы катышат", - деди ал. Ошондой эле, учурда тараптар мамлекеттик сапарга даярдык көрүп жатышкандыктарын кошумчалады.