21-март күнү кечинде Ооганстандын түндүк тарабында болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында да сезилди.

Жердин силкинүү катуу эле байкалганын Бишкек, Ош шаарларынын, Талас, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тургундары социалдык түйүндөргө жазышты.

Өзбекстандын Сейсмологиялык мониторинг борбору Сурхандарыя облусунда силкинүүнүн күчү 5-6 баллга, Ташкент шаарында жана башка аймактарда 4-5 баллга жеткенин билдирди.

21-март күнү Бишкек убактысы боюнча саат 22:50гө жакын Ооганстандын түндүк тарабында күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Азырынча кыйроолор жана курмандыктар тууралуу маалымат жок.