Баткен облусунун Раззаков шаарында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Маалыматка караганда, 23- март саат 02:07де Таджикистандын аймагында очогунда күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Сүлүктү, Раззаков шаарларында 5 балл, Баткен шаарында 4 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.