УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы жана  Жалал-Абад шаарындагы стоматологиялык клиникалардын (кабинеттердин) ишмердүүлүгүнө аудит жүргүздү. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. 

Маалыматка караганда, аудиттин жыйынтыгында, 122 жеке менчик стоматологиялык клиниканын 78и тиешелүү лицензиясы жок иштеп жүргөндүгү аныкталган. Аларда санитария, гигиена, медициналык калдыктарды жок кылуу ж.б. аракеттер санитардык коопсуздуктун эрежесине ылайык жүргүзүлгөн эмес. Андан тышкары, Юридикалык жактын юстиция жана салык органдарында катталышпай, көрсөтүлгөн кызматтан түшкөн кирешенин реалдуу көрсөткүчтөрүн жашырышкан. 

Ошондой эле, тишти протездөө, имплантация, жулуу жана башка ушул сыяктуу жогорку адистештирилген стоматологиялык кызматтарды тиешелүү сертификаттары, атайын жогорку билими жок туруп көрсөтүшкөн.

Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун 2021-2022-жылдарга карата маалыматына ылайык, облуста калк арасында В жана С формасындагы вирустук гепатиттин жайылуу тенденциясы байкалган. Алсак, 2021-жылы облуста инфекциянын 1308 учуру аныкталса, 2022-жылы бул көрсөткүч 1979 учурга көбөйгөн. Ошол эле учурда стоматологиялык кызмат кан аркылуу жугуучу вирустук оорулардын таралышынын мүмкүн болуучу факторлорунун бири катары каралат.

"Учурда бул клиникалардын ишмердүүлүгү токтотулуп, Мамлекеттик салык кызматы жана башка ведомстволор ушул категориядагы медициналык мекемелердин ишин жөнгө салуучу колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын изилделүүсүнө жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин кызматкерлеринин ичинен атайын комиссия түзүлдү", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.