Депутат Эрулан Көкүлов "Промзона" клубунда чыр чыгарган видеосу тарады. Ал клубдун администрациясынын сырткы кийимди чечүү талабын аткаруудан баш тартып, бул анын конституциялык укугун бузуу болуп саналаарын айткан. Ошондой эле, укугун коргоо үчүн милиция чакырган. 

Эл өкүлү өзүн ушундай алып жүрсө болобу деген суроого, ал депутат катары эмес, жаран катары милиция чакырганын билдирген. Милиция кызматкерлери аны администрациянын каршылыгына карабай, клубга киргизгенге аракет кылышкан.