Нарын ШИИБнин кызматкерлери тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча  "КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү)  кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, 14-мартта КР УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгына КР жараны З.К. белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда 2023-жылдын 9-мартында Нарын шаарындагы оюн-зоок мекемелеринин биринде аны белгисиз адамдар эч себепсиз эле кемсинтип, сөгүп, анан бөтөлкө менен уруп, ден соолугуна зыян келтирүүгө аракет кылышканы айтылат. Бул боюнча З.К. 102 кызматына телефон чалган, бирок келген милиция кызматкерлери шалаакылык мамиле кылып, эч кандай мыйзамдуу чараларды көрбөй окуя болгон жерден кетип калышкан.

Мекеменин көзөмөл камераларынан алынган видеоматериалдарга караганда, милиция кызматкерлери арыз ээсинин жүйөлөрүнө чындап эле тийиштүү аракет кылбаганы, андан тышкары кылмыш чөйрөсүнө жакын адамдардын аны шылдыңдап, кол салуусуна жол берип, муну менен анын конституциялык укуктары бузганын көрсөтүп турат. 
Белгилей кетсек, ушундай окуялар ички иштер органдарында мурда да (Нарын облусунун Кочкор РИИБ жана Жалал-Абад облусунун Сузак РИИБ) болгон.

Бул жагдайлар ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүндө түзүлүп жаткан жагымсыз кырдаалды көрсөтүп, бул мамлекеттин учурдагы саясатына терс таасирин тийгизүүдө.