Аксы районунун Кербен шаарындагы Жалпы дарыгердик практика борборунун күйүп кеткен чатырын жабууга 6 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги жарыялады.

Анда айтылгандай, саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова, Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков, Жалал-Абад облусунун саламаттыкты сактоо координатору жана Жалал-Абад облусунун ММК фондунун аймактык башкармалыгынын жетекчиси оорукананын өрт чыккан корпусуна барып, өрттөнгөн имараттын абалы жана башка бөлүмдөрдүн иши менен таанышышты. Текшерүү учурунда министр оорукананын кызматкерлери, бейтаптар жана төрөт учурундагы аялдар менен баарлашты.

Аталган оорукананын директору Медербек Осмоновдун айтымында, чатыры толугу менен күйүп кеткен, өрт имараттын ичине жеткен эмес, бүгүнкү күндө имараттын ичин тазалоо иштери жүрүп, жабдыктар орнотулууда. Өрттөн келтирилген зыян эсептелүүдө. Ошондой эле Жалал-Абад облустук ММК фондунун аймактык башкармалыгынын башчысы Акмат Самарбеков 2023-жылга оңдоо иштерине 17 млн ​​сом бөлүү пландалып, анын 6 млн сому имараттын чатырын тез арада жабууга бөлүнгөндүгүн билдирди.

Аксы районуна болгон иш сапарынын жыйынтыгында министр Гүлнара Баатырова облустун саламаттыкты сактоо уюмдарында өрт коопсуздугун көзөмөлдөөнү күчөтүүнү тапшырды. "Кудайга шүгүр, кечээ бейтаптар өз убагында эвакуацияланды, жабыркагандар жок. Реанимациялык жана башка жабдыктарды алып чыгууга жетиштик", - деди министр.

Соңунда Баатырова облустук координаторго, ММК фондунун аймактык башкармалыгынын башчысына жана Аксы ЖДПБнын директоруна тез аранын ичинде имараттын чатырын жабуу, бейтаптарды медициналык тейлөөнүн сапатын көзөмөлдөө, бардык керектүү дары-дармектер менен камсыз кылуу боюнча зарыл иштерди баштоону тапшырды. Мындан тышкары, оңдоо иштерин жеке көзөмөлгө алып, бардык жардамдарды көрсөтүүнү убадалаган райондун акими Замирбек Сыдыковго чоң ыраазычылыгын билдирди.

Эскерте кетсек, кечээ аталган ооруканада өрт чыгып, тилсиз жоону өчүрүү үчүн жерине төрт бөлүм тартылган. Өрт саат 11:10до чектөөгө алынып, толук саат 11:23тө өчүрүлгөн. Ооруканадан 72 жаран эвакуацияланып, бактыга жараша жабыркагандар болгон эмес.