"Акыркы 2 жылда 90 мектеп, спорт зал жана 25 балдар бакчасы курулду", - деп билдирди Билим берүү жана илим министрлиги.

Садыр Жапаров өлкө башчылыгына келгенден тартып ушул күнгө чейин Кыргызстанда 90 мектеп, спорт зал жана 25 балдар бакчасы жаңыдан курулуп бүткөрүлдү. Бул маалыматты Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Мындан сырткары, 24 мектеп жана 8 балдар бакчасы капиталдык ремонттон өткөрүлдү.