- Президент “Кыргызстандан акча чыгарып кетпей, тескерисинче, акча киргизгендер болсо, кол чаап тосуп алам”,- деди. Ажо маселени кабыргасынан койдубу?

- Негизи, туура. Эгер өнүккөн мамлекеттердин тарыхын карасак, көпчүлүгү сырттан келген инвесторлорго жагымдуу шарт түзүшүп, жыйынтыгында алар экономиканын кескин өсүшүнө чоң салымын кошушкан. Бирок, ошол эле мезгилде ар бир инвесторду иликтеп, кайдагы бир шылуундар келип алып, жергиликтүү коррупционерлер менен бирге тескерисинче экономикага зыян келтиришине жол бербешибиз керек. Мен ойлойм, Кумтөрдүн тарыхы бизге сабак болду го.