Президент Жапаровго мушташуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров тарабынан жарандын сабалуу фактысы тууралуу маалымат берилди.

Мамлекет башчы Ички иштер министрлигине болгон окуяны ар тараптуу иликтөөнү тапшырды. Бул жүрүм-турум мындай рангдагы мамлекеттик кызматкердин этикасынын стандарттарына туура келбестигин белгиледи.

Эске салсак, 12-мартта Бишкектеги ресторандардын биринин жанында массалык мущташ орун алганы белгилүү болгон. Анда бир топ киши эки тартип сакчыны сабап салышкан. Сабагандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун бар экени видеого түшүп калган.