Кыргызстандагы бардык курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн жер титирөөгө туруштук берүү сапатын атайын комиссия текшерет. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Мир" телеканалына берген маегинде билдирди. 

"Тилекке каршы, Сирия жана Түркияда трагедия болду. Ал акыркы он жылдагы өтө көп адам каза тапкан ири трагедиялардын бирине айланды. Ал Жер планетасында биз тынчтыкта жана биримдикте,  баарынан биринчи табият менен коюндаш жашашыбыз керектигин көрсөттү. 

Бул трагедия биздин өкмөттүн, өлкө башчысы Садыр Нургожоевичтин курулуш тармагына дагы бир жолу көңүлүн бурду. Тилекке каршы, 30 жылда демократиялык Кыргызстанды куруу менен алектендик: алты президент, 33 өкмөт башчы алмаштырдык, жан-жагыбызга караганга жетишпедик. Бирок биздин куруучулар, азаматтар, алар союз убагында түптөлгөн курулуш нормаларын сакташты. Андан башка инженелер жана көзөмөл органдары бар. Ага карабастан, биз азыр мамлекеттик комиссия түзүп, акыркы 10-20 жылда курулган үйлөрдүн баарынын сейсмологиялык чыдамдуулугун текшерип жатабыз. 

 Жакында эле Илимдер академиясына болгон шайлоодо өкмөт жетекчилигине сейсмологдун келишин сунуштадык. Бизде 95 пайыз тоолор. 3 миңдей майда жер силкинүүлөр болуп турат, ошондой эле коңшу өлкөлөр менен чектешкен аймактарда 4,5-5 баллга жеткен жер титирөө да орун алат. Ошондуктан илимден сунуштарды күтүп, андан соң катастрофанын таасирин азайтуу боюнча чараларды көрөбүз", - деди Акылбек Жапаров.