Кыргызстанда октябрдын аягында массалык камоолор башталган. Темир тор артына жалпысынан 26 киши жөнөтүлгөн - алар өздөрүн активист аташкандар. Өлкөбүздө "активист" же "укук коргоочу" деп бийликтин дөңгөлөгүнө таяк койгонго аракеттенип, бирок өздөрү эч кандай сунуш бере албагандын баарын атоого болот.
Активист аталгандар Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камалды деп айтып жатышат. Бирок чындыгында, кеп Кемпир-Абад маселесинде эмес. Аларга коюлган айып жетиштүү олуттуу - массалык башаламандыкка даярдануу.
Биздин өлкө ушундай - массалык башаламандыкка өзгөчө даярдыкты деле талап кылбайт. Бизде дайыма перманенттик революциялык кырдаал орун алып турат. НПО мүчөлөрү (Батыштан каржыланган укук коргоочулар) кырдаалды болушунча чайпалтып, кезектеги революцияны жаратуу үчүн кандай шылтоону болбосун колдонушат. Ошол эле Кемпир-Абад. Ошол эле чет өлкөлүк агенттер тууралуу мыйзамдын сунушталышы.
Жалпы коомчулуктун АКШнын каржылоосунда оокат кылып, амеркалык кожоюндарынын айтуусу менен Кыргызстанда саясат жараткан бир нече НПО менен эч кандай чатагы жоктой сезилген. Мыйзамды кабыл алышса, мамлекеттик көзөмөл ошондой НПОлорго жана бир катар ММКларга (өздөрүн көз карандысыз маалымат каражаттары деп атап алышкан, а чынында чет өлкөлүк демөөрчүлөргө баш ийгендер) болот эмеспи... Бирок бейөкмөтчүлөр капчыгына түшчү акчалардан куру калаарын элестетишээри менен "Кокуй, сөз эркиндигин чектеп жатышат! Демократияны муунтуп жатышат!" - деп кыйкырып башташты эле, коомчулук аларды жапырт колдоого өттү.
Чет өлкөлүк агенттер тууралуу мыйзам - өзгөчө сөз кылууга арзыйт. Баарынан биринчи, кыргызстандык бейөкмөтчүлөр жана "көз карандысыз ММКнын" өкүлдөрү башкача тынчсызданышып, Евробиримдик өлкөлөрүнө кайрылган петиция жазып жиберишти. Мазмуну баягыдай эле: сөз эркиндигин жана демократияны сактап калгыла! Болгону биздеги биздеги эмес, парламенти ушундай эле чет өлкөлүк агенттер тууралуу мыйзамды ратификациялайын деп жаткан Грузиядагы демократия жөнүндө айтышты.
Кыргызстанда да, Грузияда да коомчулукка букага кызыл чүпүрөк көрсөткөндөгүдөй эле эмоцияны жараткан бир нече сөздөр бар. Эл "Сөз эркиндиги... Демократия... Адам укугу... Дискриминация... Кетсин!" деген сөздөрдү угаары менен туура ой жүгүртүүнү жоготуп, сын - талапка ыктап баштайт.
Эгерде грузиндердеги чет өлкөлүк агенттер тууралуу мыйзам долбоорун жакшылап окуп көрсөң, андан эч кандай дискриминацияны таппайсың. Баары логикага ылайык, баары негиздүү, чет өлкөлүк агенттерге эч кандай кыйынчылыктын болушу күтүлбөйт. Аргасыздан суроо жаралат: эмнеге эл мынчалык капысынан толкуду? Грузиянын басымдуу бөлүгү чын эле америкалык акырдан жем жегендер болуп калганбы?
Анын үстүнө грузиялык мыйзам долбоору америкалык мыйзамдан сөзмө сөз көчүрүлгөнү да таң калыштуу. АКШда ушундай эле мыйзам кабыл алынгандай эч кандай массалык башаламандык жана революция болбоду эле го. А Грузияда эмне болду? Америкалык мыйзамга каршы америкалык акырдан жем жегендер чыгып атышпайбы.
Кыргызстанда да ушундай эле көрүнүш. Бир дагы бейөкмөчү бир да жолу АКШда чет өлкөлүк агенттер тууралуу мыйзам бардыгын билер-билбесин жана эмнеге бул мыйзам Кыргызстанга зыян алып келээрин так түшүндүрүп бере албады.
Грузиянын өкмөтү биздин өкмөттөй арканды узун таштай албайт экен. Расмий тилде массалык башаламандык деп аталган нерсенин алдын ала албады. Ашыкча эркиндикке жана демократияга эсин жоготкон эл демократиялык эмес аракетке өтүп, имараттарды талкалап, өрттөп жиберишти. Грузиянын саясатына америкалыктардан жана европалыктардан кем калышпай Украина да аралашып, элди мамлекеттик төңкөрүш жасоого чакырышты. Россиялык релоканттар Россияга эси чыгып качышты...
Биздин ички бейөкмөттүк кырдаал грузиндик сценарийге ооп кетиши мүмкүн. Бирок кыргыздар андан ары бармак. Биздин каны кызуу жигиттерге чакырыктын деле кереги жок, аларга революциялык отту тутандыруу үчүн дүрт эткен ширеңке эле керек.
Жаш кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жетекчилигине баа бериш керек: америкалык кожоюндардын тукуруусу менен өлкөгө башамаландык уюштурууга аракеттенген активист - бузукуларды өз убагында токтотуп, зыянсыздандырууга жетишти. Грузиндердей эле, бизге дагы ашыкча эркиндик пайда бербейт экен.
Булак: vb.kg