Кыргызстанда бейөкмөт уюмдары кайсы жактан кандай максатта акча алып жана аны кандай иш чараларга жумшап жатканын текшерүү керек. Мындай сунушун Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жылдыз Садырбаева жолдоду.
Депутат ПРООН бейөкмөт уюмдарга канча каражат бөлүнүп жатканы тууралуу отчет бербестигин, андыктан, бул ишти мамлекет өз колуна алышы зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле, коңшу Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттерин мисал келтирип, анда бейөкмөттөрдүн каражаты көзөмөлдөнүп тураарын билдирди.
Кыргызстанда канча бейөкмөт уюму бардыгы так белгисиз, бирок расмий эмес маалыматтарда алардын саны 10 миңдин тегерегинде көрсөтүлгөн. Алардын айрымдары билим берүү, социалдык коргоо багытында иш алып барышат, башкача айтканда, ишмердүүлүгүнүн максаты ачык көрсөтүлгөн. Аны менен катар кандай багытта иш алып бараары белгисиз уюмдар дагы аз эмес. Алар көбүнчө ар кандай митингдерди, акцияларды өткөрүүдө, кайсы бир тараптын укугун коргоодо көрүнүшөт. Укук коргоо болгондо, мында жарандардын кадыресе укугу эмес, басымдуусу кыргыздын табиятына жат келген көрүнүштүн ээлеринин укугун көтөрүшөт. Мисалы, сексуалдык ориентациянын "табигый эмес" формасын алып жүргөндөрдүн.
Учурда коомго жат көрүнүштөрдүн "революциясын" жасоого аракеттенген бейөкмөттөрдүн башкы максаттарынын бири, так ушул гомосексуалдуулуктун кызыкчылыгын коргоо болуп жатканы жашыруун эмес. Мындан эки жыл мурда Бишкекте гомосексуалдардын таламын талашкан акция өткөрүшкөн. Быйыл 8-мартта дагы аялдардын укугун коргоо катарында өткөрүлгөн акцияда гомосексуалдуулукту жактаган көрүнүштөр байкалды. Ар кайсы ураанга, маселеге жамынышканы менен түбүндө кыргыз жаштарынын аң сезимине терс көрүнүштөрдү сиңирүүнү колго алышкан.
Спикер Нурланбек Шакиев дагы кыргыз жаштарын туура эмес жолго багыттоону максатка айланган бейөкмөт уюмдарынын тизгинен тартпаса, келечекте кесепети чоң болоорун айтты.
Буга чейин келечек муунда терс таасирден коргоп калуу жана өлкөнүн туруктуулугун сырткы бузукулардан сактоо максатында бейөкмөт уюмдарга "чет өлкөлүк агент" макамын берүү боюнча мыйзам долбоору демилгеленген. Анын негизинде өлкөдө ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан бейөкмөт уюмдарынын каржы жааты мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынат. Бирок бул демилге бейөкмөтчү уюмдардын катуу каршылыгына туш болууда. Анткени, мамлекеттин тыкыр көзөмөлүндө калышса, азыркыдай өз максаттарын ээн -эркин ишке ашыра алышпайт.
Бейөкмөт уюмдарынын ишмердүүлүгүн азыртадан мамлекет катуу көзөмөлгө албаса, эртең кеч болуп калышы мүмкүн.