Сокулук районунун Ак-Ордо-3 конушунда 3-март күнү Ш.М. аттуу жарандын үйү түрттүрүлгөн. Бул боюнча жергиликтүү жашоочулар жерине барып, нааразычылыгын билдиришкен.

Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, аталган чогулушка Сокулук районунун Новопавловка айылдык кеңешинин депутаты, буга чейин Ак-Ордо жаңы конушунун “Е,Ж” кварталынын квартальныйы болуп иштеген 38 жаштагы К.Т. аттуу жаран барган.

“Ал коомдук тартипти одоно бузуп, жарандарды оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, алардын тынчтыгын бузган. Натыйжада чогулган эл эки жаатка бөлүнүп, алардын ортосунда жаңжал чыккан. Ал арада Сокулук райондук милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн”, - деп айтылат маалыматта.

Элди экиге бөлүп, коомдук тартипти одоно бузган Новопавловка айылдык кеңешинин депутаты К.Т. Сокулук райондук милициясына жеткирилген.

К.Т.га Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (“Майда бейбаштык”) менен протокол түзүлүп, Сокулук райондук сотуна жеткирилген. Сокулук райондук соту тарабынан аталган жаранга беш суткага камакка алуу чечими чыгарылды.

Эскерте кетсек, Ак-Ордо-3 конушунда үй түрттүрүлүп, А.Ш. аттуу аял балдары менен көчөдө калган видео интернет желесинде тараган. Ал күндүн эртеси жерине бир топ жарандар чогулуп, үйсүз калган келинге бой үй тигип беришкен. Ошондой эле президент Садыр Жапаров 5-мартта Ак-Ордо конушуна пландан тышкары барып, балдары менен барар жери жок калган аял менен жолуккан. Президент күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берген.